Аймак

ЛЫЖА БОЮНЧА КАЗАКСТАН УЛУТТУК КУРАМА КОМАНДАСЫНА ПОЛТОРАНИН КИРГЕН ЖОК

ЛЫЖА БОЮНЧА КАЗАКСТАН УЛУТТУК КУРАМА КОМАНДАСЫНА ПОЛТОРАНИН КИРГЕН ЖОК

 1,242 Бардыгы /

Лыжа боюнча Казакстан улуттук  командасынын жаңы курамы бекитилди. Топко 15 спортчу кирди, алардын ичинен тогузу – эркек, алтоо – аял.

Эмгек сиңирген спорт чебери, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Алексей Полторанин команданын курамына кирбей калды. Бул тууралуу Казакстан лыжа федерациясынын расмий сайтында жарыяланды.

Билдирүүдө «Алдыдагы сезондо команданын курамынан алты спортчу чыгарылды: Николай Чеботько мелдештердеги карьерасын жыйынтыктоону чечкен. Алексей Полторанин Эл аралык лыжа федерациясынын чечими менен жарыштардан убактылуу четтетилген. Казакстан Республикасынын чемпионатында мыкты оюн көрсөткөн Ольга Мандрика декреттик өргүүдөн кийин команданын негизги курамына кайтып келди. Калган кыздар өткөн сезондо алдыга коюлган тапшырмаларды аткара алышкан эмес. Чыгымдарды оптималдаштыруу максатында команданын курамын 15 спортчуга чейин кыскартуу чечими кабыл алынды», деп жазылган.

Алексей Полторанин жана андан башка бир нече лыжа чебери 27-февралда дүйнө чемпионаты өтүп жаткан Зеефельд шаарында немис жана австрия полициясынын биргелешкен рейдинен кийин мелдештерден четтетилген. Алар «антидопинг эрежелерин бузгандыгы үчүн» кармалган.

Кийинчерээк Казакстан маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы кызытма колдонуп кармалган спортчуларга карата чараларды күчөтүү боюнча мыйзам демилгеленип жатканын айткан.

Казакстандык лыжа чебери Алексей Полторанин 2013-жылы Италияда өткөн дүйнө чемпионатында 50 чакырым аралыкта классикалык стилде жана командалык спринтте коло медалга ээ болгон. Дүйнө кубогунда ондогон алтын медаль алган, Азия оюндарынын төрт жолку чемпиону. 2006, 2010, 2014 жана 2018-жылдары Олимпиадага катышкан. Полторанин 2022-жылы Олимпиадага катышуу үчүн Бээжинге барарын билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17