Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШТА

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШТА

 2,217 Бардыгы /

Кечээ 30-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын мектеп окуучуларынын арасында “Билим-Күч” интеллектуалдык оюну өттү.

Аталган иш-чаранын максаты шаардагы мектеп окуучуларынын достук мамилесин чыңдоо жана карым-катнашын күчөтүү. Алардын дүйнө таанымын, интеллектуалдык деңгээлин өстүрүү жана жаштардын бош убактысын туура, максаттуу пайдаланууга үгүттөө болуп саналат.

Маалым болгондой интеллектуалдык оюн №4, №5, №6 мектептерде өтүп, шаардагы ар бир мектептен бирден команда катышуу менен жалпысынан 19 команда күч сынашкан.

Жалпы эле жаштарды маалымат издөөгө, китеп окууга жана маданий-массалык иштерге активдүү катышууга үгүттөгөн бул оюнга шаар аймагына караган мектептерден бирден команда катышты. 19 команданын ичинен өз активдүүлүгү менен финалдык турга 6 команда жолдомо алышты. Негизинен оюндагы суроолор Кыргызстан тарыхы (1990-2019), логикалык суроолор, улуу инсандар категорияларынын жана Г.Петровдун “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китебинин негизинде берилди” –дейт уюштуруучу Бектенали кызы Самара.

Белгилей кетсек, оюн үстүбүздөгү жылдын жарлыгына ылайык “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында  Жаштар иштери боюнча комитети жана шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте уюштурулган. Ал эми интеллектуалдык оюндун финалдык туру 14-майда өтөт.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17