Аймак

ЧАТКАЛДЫН ЖАШТАРЫ КЫЛМЫШТУУЛУККА КАРШЫ

ЧАТКАЛДЫН ЖАШТАРЫ КЫЛМЫШТУУЛУККА КАРШЫ

 2,419 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад областына караштуу Чаткал районундагы Сумсар, Шекафтар, Ак башат айылында жайгашкан 13 орто билим берүү мектептеринин окуучулары арасында, Чаткал РИИБи тарабынан уюштурулган «Жаштар кылмыштуулукка каршы» урааны астында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш ѳткѳрүлдү.

Мелдештин ачылышында Чаткал РИИБнин начальниги милициянын полковниги Азизбек Айдарбеков кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыш жоопкерчилигин курагы боюнча түшүндүрмѳ берип, жаштарды сергек, дени сак жашоого жана патриоттуулукка үндѳп, жергебизде дайыма тынчтык жана жаркын келечек болуусун каалап ѳттү.

Иш-чара улан жана кыздар арасында ѳткѳрүлүп, 100гѳ жакын спортчулар катышып, кызыктуу жана жогорку деңгээлде болуп ѳттү. Бул оюндардын жыйынтыгында уландар арасында 1-орунду – Ю.Гагарин мектеби багындырган болсо, 2-орунду Сумсар жана 3-орунду В.И.Ленин атындагы Гимназия мектебинин спортчулары ээлешти. Ошондой эле кыздар арасында 1-орунду – В.И.Ленин атындагы Гимназия мектеби багындырган болсо, 2-орунду Ю.Гагарин жана 3-орунду Сумсар орто мектебинин спортчулары ээлешти. Женүүчүлѳргѳ РИИБнин жетекчилиги тарабынан атайын кубок жана баалуу белектер тапшырылды.

 

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17