Аймак

ГУАЙДО ВЕНЕСУЭЛАДАГЫ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНДА ЭКИ ДЕМОНСТРАНТ ӨЛГӨНҮН КАБАРЛАДЫ

ГУАЙДО ВЕНЕСУЭЛАДАГЫ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНДА ЭКИ ДЕМОНСТРАНТ ӨЛГӨНҮН КАБАРЛАДЫ

 1,179 Бардыгы /

Венесуэланын оппозиция лидери жана парламент спикери Хуан Гуайдо укук коргоо органдары менен болгон кагылышта 27 жаштагы кыз жана 24 жаштагы жигит каза тапканын кабарлады.

Ал «Твиттерге: «Бул токтошу керек. Киши өлтүргүчтөргө өз кылмыштары үчүн жооп бере турган мезгил келет» деп жазды.

Reuters агенттиги митингчилер күч түзүмдөрүнөн коркконунан 1-майдагы нааразылык акцияларын бат эле басууга мүмкүн болгонун жазды. Армиянын басымдуу бөлүгү Мадурону колдоону улантууда.

Анын алдында Хуан Гуайдо президент Николас Мадурону бийликтен кулатуунун «акыркы баскычы» башталганын жарыялаган. Ал Венесуэланын жарандарын демонстрацияга чыгууга чакырган.

Венесуэлада январдын этегинен бери саясий кризис өкүм сүрүп турат. Парламент оппозициянын көзөмөлүндө. Хуан Гуайдо Мадуронун бийлигин «легитимсиз» деп эсептеп, өзүн өлкөнүн президенти катары жарыялаган. Аны 50дөн ашуун мамлекет, анын ичинде АКШ, Батыш, Бразилия жана Латын Америкадагы көптөгөн өлкөлөр «утурумдук президент» катары тааныган. Бирок Орусия, Кытай жана Куба колдоп, аскердик жана каржылык жардам көрсөтүп жаткан президент Николас Мадуро мамлекеттик органдарды башкарып келген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17