Аймак

МИНИСТР ЧЫҢГЫЗ АЙДАРБЕКОВ ВЕНГРИЯДА МЕКЕНДЕШТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

МИНИСТР ЧЫҢГЫЗ АЙДАРБЕКОВ ВЕНГРИЯДА МЕКЕНДЕШТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,423 Бардыгы /

БУДАПЕШТ. Венгрияга иш сапарынын алкагында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Венгрия жана Австрияда жашаган мекендештер менен дагы жолугушту.

Жолугушууда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укуктарын коргоого багытталган иштери, мамлекеттик реформалар туурасында баяндап, өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын дагы ачыктады. Өз кезегинде мекендештерибиз кызыктырган ар кандай суроолордун узатышып, аларга ынандыраалык жоопторду ганаалышты.

Аталган жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси Бакыт Жусупов жана Кыргызстандын Венгриядагы Ардактуу Консулу Эндре Эрдош мырза катышты.

                    Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17