Аймак

ПРЕЗИДЕНТ АКЫЙКАТЧЫНЫ  ТЫҢДАДЫ

ПРЕЗИДЕНТ АКЫЙКАТЧЫНЫ  ТЫҢДАДЫ

 1,362 Бардыгы /

                   БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды. 

                   Жолугушуу маалында Ассамблеянын отчеттук мезгилдеги иштеринин жыйынтыктары, Ассамблеянын 25 жылдык мааракесин жана уюмдун IX курултайын өткөрүү кенен-чонон талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын өлкөнүн коомдуксаясий турмушундагы мындан аркы өнүгүү келечеги жана ролу, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселелеринде анын бардык мамлекеттик бийлик бутактары менен өз ара аракеттенүүсү жана жарандык интеграция үчүн шарттарды жаратуу маселелерикаралды. 

                   Президент Сооронбай Жээнбеков Ассамблеянын этникалык көптүрүүлүктү сактоодогужарандык интеграцияны өнүктүрүүдөгү ролунуюмду кайра форматташтыруунун өтө маанилүүлүгүн жана социалдык-экономикалык учурдагы реалдуулукка жөндөмдүү болушун, мындан ары айрыкча өлкөбүздүн булуң-бурчундагы мамлекеттик органдарменен ич  ара тыгыз байланышынын зарылдыгын дагы баса белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле Ассамблея этникалык аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты, Кыргызстан элинин интеграциясын жана биримдигин бекемдөөгө жардам кылышы зарылдыгын дагы белгиледи.

                   Ал эми Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы Токон Мамытов Ассамблеянын 25 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу ишчарага жана уюмдун IX курултайына карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалыматберди. Ал баса белгилегендей, салтанаттуу иш-чарага 400дөн ашуун киши чакырылган,жакынкы жана алыскы он беш чет өлкөлөрдөн дагы коноктор катышат. Мындан тышкары Токон Мамытов жакын арада Жогорку Кеңеште аткарылган жумуштар туурасында Акыйкатчынын отчету берилээрин дагы кошумчалады.

                    Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17