Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,587 Бардыгы / 11-январь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Телтору” ат майданында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад областтык Ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен биргеликте «Көкбөрү» жана “Эр эңиш” улуттук спорттук оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Максаты – кылмыштуулуктун алдын алуу, спорт аркылуу жаштарды, жалпы эле элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана Жалал-Абад областында жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген […]
2,588 Бардыгы / 11-январь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Телтору” ат майданында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад областтык Ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен биргеликте «Көкбөрү» жана “Эр эңиш” улуттук спорттук оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Максаты – кылмыштуулуктун алдын алуу, спорт аркылуу жаштарды, жалпы эле элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана Жалал-Абад областында жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген […]
Жалал-Абадда “Көкбөрү”, “Эр эңиш” улуттук оюну уюштурулуп кайрымдуулук акциясы жасалды (фото)
12.01.2014 / Автор Orozaly2,589 Бардыгы /
11-январь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Телтору” ат майданында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад областтык Ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен биргеликте «Көкбөрү» жана “Эр эңиш” улуттук спорттук оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Максаты – кылмыштуулуктун алдын алуу, спорт аркылуу жаштарды, жалпы эле элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана Жалал-Абад областында жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйлөрүнө, жетим балдарга кайрымдуулук көрсөтүү болуп саналат
Иш-чарага Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларынан 18 команда катышты. Иш-чара областтык Т. Тыныбеков атындагы филармониянын ырчыларынын коштоосунда болуп өттү. Аталган ат майданга 7 боз үй тигилди. Оюндарды областтык “Көкбөрү” федерациясынын президенти Бекболот Ибрагимов алып барды. Иш-чара кайрымдуулук акциясы менен коштолуп эки жерге урналар орнотулуп, каалоочулар каражаттарын салып жатышты. Иш-чарага өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Төрөмаматов, ОИИБдин башчысы Ж.Жоробеков жана бир катар район-шаарлардын аким, мэрлери, айыл өкмөт башчылары, областтык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Областтын ардагер чабендес-улакчыларына КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү калпак кийгизип, Ардак грамота тапшырды.
“Эр эңиш” оюнунда 70 килограмдык палвандар күч сынашып, жыйынтыгында Сузак районунун Кара-Булак айылынын палваны Азамат аттуу жаран жеңүүчү деп аталды.
“Көкбөрү” оюну толук аягына чыккан жок. Анткени Көк-Арт айыл өкмөтүнүн командасы менен Областтык ички иштер башкармалыгынын “Динамо” командасы чатакташып кетип, эки команда тең оюндан чыгарылды эле, оюндан чыккан команданын улакчыларына аламан улак чаап баштатылды эле ““Көкбөрү” федерациясынын президенти Бекболот Ибрагимов оюнду токтотуп салды. Кийинки оюн 23-фералда Сузак районунун биринчилиги үчүн 23-февралда өткөрүүгө КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматов “Алтын кыш” деген атайын программа кабыл алып, кышында ат оюндарын өткөруп туруу зарылдыгын айтты.
Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова комиссиянын эсептөөсү менен түшкөн акча каражаттын суммасы 354 миң 780 сом, ошондой эле 60 миң сомдук эмерек жана 50 миң сом которуу жолу менен түшкөнүн маалымдады.
Аталган комиссия мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп Жалал-Абад шаардагы психоневрологиялык мекемеге, Октябрскидеги балдар үйүнө жана социалдык коргоого муктаж мекемелерге акча каражатын болүштүруп тапшырды.
Орозалы Карасартов, “Аймак”
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
24.04.2023 / Автор anarkan_kg МОСКВАДА «КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ» МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ
-
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДА КОНСТИТУЦИЯНЫН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.