Аймак

СУЗАКТЫН ЖАШТАРЫ ЖѲѲ ЖҮРҮШ ЖАСАШТЫ

СУЗАКТЫН ЖАШТАРЫ ЖѲѲ ЖҮРҮШ ЖАСАШТЫ

 3,734 Бардыгы /

«Зордук-зомбулуксуз мектеп» ураанынын алкагында окуучулар арасында Сузак РИИБи тарабынан уюштурулган алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, мектеп окуучулары жѳѳ жүрүшүн улантышты.

Аталган иш-чара Сузак районунун аймагында жайгашкан – 124 мектептин арасынан бүгүнкү күнгѳ – 56 мектебинде ѳткѳрүлүп, билим берүү тармагы да автивдүү катышып, мектептерде РИИБдин жашы жете элек ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекторлору тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдѳ. Жаштар болсо ѳз учурунда билим алууда бул сыяктуу жүрүштѳрдүн ѳткѳрүлүп туруусун кубатташарын, ошону менен бирге жаркыган келечекти тандоого жакшы ѳбѳлгѳ түзѳ турганын баса белгилешти.

Жѳѳ жүрүшкѳ мектеп окуучуларынан сырткары райондук жаштар комитети, аялдар кеңеши жана ата-энелер комитетинин ѳкүлдѳрү келип катышты. Алар милиция тарабынан уюштурулган бул кѳрүнүшкѳ оң баасын беришип, жаштар арасында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар алгылыктуу жүрүп жатканын жана сѳзсүз түрдѳ жакшы жыйынтык болорун айтышты.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17