Аймак

КАЗАКСТАНДА ТОКАЕВ РАСМИЙ ТҮРДӨ ПРЕЗИДЕНТТИКЕ ТАЛАПКЕР КАТАРЫ КАТТАЛДЫ

КАЗАКСТАНДА ТОКАЕВ РАСМИЙ ТҮРДӨ ПРЕЗИДЕНТТИКЕ ТАЛАПКЕР КАТАРЫ КАТТАЛДЫ

 1,040 Бардыгы /

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-майда Касым-Жомарт Токаевди Казакстан президенттигине талапкер катары каттады.

Расмий маалыматтар боюнча Касым-Жомарт Токаевдин ишенимдүү өкүлдөрү Казакстандын бардык 17 аймагынан 315 910 кол топтошкон, анын ичинен 313 653ү жарактуу деп табылган. БШК талаптарына ылайык, президенттикке талапкер 118 140тан кем эмес кол топтошу керек.

Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясы Токаев бардык документтерди топтогонун жана алар мыйзам талаптарына туура келерин билдирди. БШК Токаевге президенттике талапкердин күбөлүгүн ыйгарды.

Мамлекетти 30 жыл башкарган Назарбаев мартта ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин парламенттин ошол кездеги спикери Касым-Жомарт Токаев убактылуу президент болуп дайындалган.

«Нур-Отан» партиясынын лидери, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

2-майда Борбордук шайлоо комиссиясы «Калк демографиясы» коомдук биримдиги көрсөткөн Жуматай Алиевди президенттик шайлоого талапкер кылып каттаган жок. Ага Алиевдин казак тили сынагынан өтпөй калганы себеп болгон

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнда өтөт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17