Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖУМУШСУЗДУК ӨСҮП КЕТТИ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖУМУШСУЗДУК ӨСҮП КЕТТИ

 2,854 Бардыгы /

Жалал-Абад областында биринчи кварталда, өткөн жылга салыштырмалуу жумушсуздук деңгээли 41,4 пайызга өскөн.

Расмий жумушсуздардын саны 25 миң 827 адамды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 миң 568 адамга көп. Жумушсуздук деңгээлин райондорго бөлүштүрө келгенде Чаткал районунда 872, Базар-Коргондо 3 миң 393, Токтогулда 1 846, Таш-Кѳмүр шаарында 1 244 жумушсуз катталган.

Ушул эле 3 ай аралыгында област боюнча 846 жумушсуз жумушка жайгаштырылган. Убактылуу ишке орноштуруу максатында коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 242 адам жөнөтүлгөн.

2019-жылдын 1-апрелине карата эсепте турган жалпы жумушсуздар 32 миң 11 адамды түзөт.

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17