Аймак

АКЫРКЫ КОҢГУРООГО АКЧА ЧОГУЛТУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

АКЫРКЫ КОҢГУРООГО АКЧА ЧОГУЛТУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

 2,728 Бардыгы /

Билим берүү жана илим министрлиги акыркы коңгуроо майрамына карата акча чогултууга тыюу салды. Буга байланыштуу буйрукка министр кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, мектеп директорлоруна жана мугалимдерге бүтүрүүчүлөрдөн белек алууга, көңүл ачуучу жайларда бүтүрүү кечелерин уюштурууга да тыюу салынат.

Акыркы коңгуроо күнү шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турат. Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн өрт коркунучун жараткан жана ден соолугуна зыян алып келүүчү фейерверк жана башка каражаттарды колдонууга болбой турганы эскертилет.

Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен тартып кызмат ордунан бошотулганга чейинки чара көрүлүшү ыктымал.

Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо 25-майда 9:00дө болот.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17