Аймак

АДВОКАТ: АЗИМЖАН АСКАРОВДУН ҮЙҮ КАЙРАДАН КАМАККА АЛЫНДЫ

АДВОКАТ: АЗИМЖАН АСКАРОВДУН ҮЙҮ КАЙРАДАН КАМАККА АЛЫНДЫ

 1,062 Бардыгы /

Өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйү быйыл март айында кайрадан камакка алынган. Бул тууралуу анын адвокаты Валерьян Вахитов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы үй Аскаровго козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынып, укук коргоочулардын жана адвокаттардын аракети менен кайра камактан чыгарылган. Кийинчерээк 2012-жылы Жалал-Абад облустук соту Базар-Коргондо өлтүрүлгөн милиционердин жубайынын өтүнүчү менен ага Аскаровдун эсебинен 170 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген. Вахитовдун айтымында азыр үйдү ошол чыгымды төлөп берүү үчүн камакка алышкан.

– Үй Азимжан Аскаровго энесинен мураска калган, – деди адвокат. – Ал өмүр бою түрмөгө кесилгенине байланыштуу, Аскаровдун байбичеси үйдү өзүнө каттатып алууга аракет кылганда облустук сот жети жыл мурунку чечимин эстей калып, үйдү кайрадан административдик иштин негизинде камакка алды. Бирок мыйзам боюнча алар үйдү камакка ала алышпайт. Анткени ал үйдө Аскаровдун улгайган байбичеси бала-чакасы менен жашап турат. Сот буларды эске алууга тийиш эле.

Адвокат учурда коомчулукка кайрылып, июнь коогасында өлтүрүлгөн милиционердин жубайына моралдык чыгым төлөп берүүгө көмөктөшүүгө чакырууда.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Февралдын аягында Аскаровдун зайыбы Хадича Аскарова, адвокат Валериан Вахитов жана «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберишкен.

Анда быйыл күчүнө кирип, иштей баштаган жаңы кодекстерге ылайык жашы 60тан ашкан соттолуучуларга жеңилдик берүү тууралуу өтүнүч жазылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17