Аймак

ТРАМПТЫН МУРДАГЫ ЮРИСТИ ҮЧ ЖЫЛДЫК ЖАЗАСЫН ӨТӨӨ ҮЧҮН ТҮРМӨГӨ ЖЕТКИРИЛДИ

ТРАМПТЫН МУРДАГЫ ЮРИСТИ ҮЧ ЖЫЛДЫК ЖАЗАСЫН ӨТӨӨ ҮЧҮН ТҮРМӨГӨ ЖЕТКИРИЛДИ

 865 Бардыгы /

АКШ президенти Дональд Трамптын адвокаты Майкл Коэн Нью-Йорктон 100 чакырым аралыкта жайгашкан Отисвилл айлындагы түрмөгө жеткирилди. Ал бул жерде үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөйт.

Коэн журналисттерге берген комментарийинде “чындыкты бөлүшө турган күндү” чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты. Ал азыркы өлкө жетекчисинде байкалган ксенофобияны, адилетсиздикти жана алдамчылыкты жектей турганын кошумчалады.

52 жаштагы Майкл Коэн былтыр 12 -декабрда салык төлөөдөн качканы, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча мыйзамды бузганы, Конгресске жалган маалымат бергени үчүн күнөөлүү деп табылып, үч жылга түрмөгө кесилген. 27-февралда Майкл Коэн Конгрессте көрсөтмө берип, Трампты “шылуун жана расист” деп атаган. Коэндин сөзүнө караганда, президент 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү учурунда Москвадагы “Trump Tower” долбоору боюнча жасалып жаткан иштерди билген, аларды башкарган, бирок кийин бул тууралуу жалган сүйлөгөн. Трамп Коэндин билдирүүсүн четке каккан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17