Аймак

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ АНКАРАДА МЕКЕНДЕШТЕРИНЕ ДАГЫ ЖОЛУКТУ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ АНКАРАДА МЕКЕНДЕШТЕРИНЕ ДАГЫ ЖОЛУКТУ

 1,285 Бардыгы /

 

АНКАРА. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түркиядагы мекендештер менен дагы жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чыңгыз Айдарбеков адегенде мекендештерине Кыргыз Өкмөтү менен Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоого багытында жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүнүн артыкчылыктуу багыттары жана мамлекеттик реформалар жөнүндө кеңири маалыматберди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 10-апрелиндеТүркияга жасаган иш сапарынын жүрүшүндө анын Кыргыз диаспорасынын активи менен жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча берилген тапшырмаларынан келип чыккан маселелерге дагы өзгөчө токтолду.

Мындан тышкары Кыргыз министри Түркиянын тышкы иштер министри менен боло турган сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө дагы принципиалдуутүрдө биркатармаанилүү макулдашууларкүтүлүп жатканындыгына мекендештерин ишендирди.

Түркиянын шаарларында биргелешкен маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүүдө Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык мекемесинин мекендештердин диаспоралык борборлору менен тыгыз иштөөсү керектигине дагы басым жасады. Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышты.

 

 

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17