Аймак

ДОХА ШААРЫНДА “ӨЛБӨС ПОЛК” МАРШЫ УЮШТУРУЛДУ

ДОХА ШААРЫНДА “ӨЛБӨС ПОЛК” МАРШЫ УЮШТУРУЛДУ

 1,317 Бардыгы /

ДОХА. Катар Мамлекетинин Доха шаарында жергиликтүү жетекчиликтин жардамы аркасында 9-май Жеңиш майрамынын урматына биринчи жолу “Өлбөс Полк”маршыуюштурулду.

Бул жүрүшкө КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, мунун ичинде Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн диаспора өкүлдөрү катышты. Ондогон Кыргыз жарандары Кыргызстандык Советтер Союзунун Баатырларынын жана Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарынын портреттерин маршта чубалып көтөрүп өтүштү. Иш-чаранын алкагында майрамдык концерт дагы уюштурулуп, анын алкагында Улуу Ата-Мекендик согушка байланыштуу атактуу ырлар жана музыкалар жаңырды.

Бул жолку “Өлбөс Полк” маршынын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75-жылдыгынбелгилөө үчүн Катар Мамлекетинде иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүүнү дагы макулдашышты.

 

 

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17