Аймак

ДУШАНБЕДЕ «ФАРОЗ» КОМПАНИЯСЫНЫН АЛДЫНДА МИТИНГ ӨТКӨРГӨН ЖУМУШЧУЛАР ЖАЗАЛАНДЫ

ДУШАНБЕДЕ «ФАРОЗ» КОМПАНИЯСЫНЫН АЛДЫНДА МИТИНГ ӨТКӨРГӨН ЖУМУШЧУЛАР ЖАЗАЛАНДЫ

 653 Бардыгы /

Душанбе шаардык соту 29-апрелде «Фароз» компаниясынын алдында нааразылык акциясын өткөргөн адамдарга карата чыгарылган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Алар милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес деп айыпталып жатышат.

29-апрель күнү кечинде баш калаанын Сино райондук соту нааразылык акциянын катышуучуларынын бири Алихон Бороновду 15 суткага, дагы беш кишини он суткага камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Айыпталуучулардын туугандары соттун бул чечими менен макул эмес экендиктерин билдиришти. «Эмнегедир райондук соттун чечимине апелляция берүү үчүн бизге болгону бир гана күн убакыт берип коюшту. Душанбе соту апелляция берүү мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырып койду», – деди Бороновдун туугандарынын бири.

29-апрелде дары чөп терип иштеген ондогон жумушчу «Фароз» компаниясынын Душанбедеги кеңсесинин алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Анда алар компания дары чөп үчүн төлөнчү акчаны азайтып койгонуна даттанышкан.

«Фароз» компаниясынын директорунун орун басары Исматулло Зиёев жумушчулардын айткандарын четке кагып, дары чөп үчүн төлөнчү акчаны алар менен иштешкен ортомчулар азайткан болушу мүмкүндүгүн билдирди. Анын айтымында, компания Дангар, Гиссар жана Шахринаве аймактарында ферула деп аталган дары чөп терүүгө лицензия алган. Ал белгилегендей, учурда алардын кармаганды миңге жакын жергиликтүү тургун жана 60 ооган жараны иштейт.

«Фароз» түрдүү тармактарда иш алып барган Тажикстандагы эң ири компаниялардын бири болуп эсептелет. Былтыр июнда Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) тажик президентинин күйөө баласы Шамсулло Сохибовго тиешеси бар «Фароз» компаниясы өлкө базарында монополист экенин жана экономиканын бардык кирешелүү тармактарын колго алып койгонун билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17