Аймак

ӨКҮЛ  СПОРТЧУ АСАН СУЛАЙМАНОВДУ КАБЫЛ АЛДЫ

ӨКҮЛ  СПОРТЧУ АСАН СУЛАЙМАНОВДУ КАБЫЛ АЛДЫ

 1,554 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 8-май күнү Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азия чемпионатынын күрөш боюнча коло медалдын ээси, спортчу Асан Сулаймановду кабыл алды.

Өкүл спортчуга калпак, чепкен  кийгизип, мындан ары да ийгиликтерди каалады.

Жакшы тилек менен чемпион болобуз деп барганбыз, тилекке каршы бронза болуп калды. Буга деле кудайга шүгүр. Бүгүн ыйгарым укуктуу өкүл кабыл алып, мотивация берди. Аябай ыраазы болдук, чоң рахмат”-дейт спортчу А.Сулайманов

27-28 апрелде Кытайдын Сиань шаарында болуп өткөн чемпионатта кыргызстандык спорту Асан Сулайманов 55 кг салмакта беттешкен.

Кыргызстандан барган грек-рим күрөшү боюнча курама командасында 10 спортчу күч сынап, алардын ичинен төртөсү байгеге ээ болгон.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17