Аймак

“ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮНДӨ ПРЕЗИДЕНТТИ ВИДЕО ЖАНА СҮРӨТКӨ ТАРТУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

“ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮНДӨ ПРЕЗИДЕНТТИ ВИДЕО ЖАНА СҮРӨТКӨ ТАРТУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

 1,149 Бардыгы /

Бишкекте 9-майда “Өлбөс полк” жүрүшү өтөт, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышат. Өлкө башчыны видео жана сүрөткө тартууга, дрон колдонууга тыюу салынды. Дрон колдонулса, алар атып түшүрүлөт.

“Азаттыкка” Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, президенттик аппарат мамлекеттик мекемелердин маалымат кызматтарынан кайрылып, жүрүш учурундагы эрежелер тууралуу ММК өкүлдөрүнүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган. Президенттин басма сөз кызматы материалдарды кийин өзү таратарын билдирген. Мындан тышкары Мамлекеттик коомдук телерадиоберүү корпорациясы түз эфирде иштейт. Жээнбеков иш-чарага катышып кеткенден кийин видео жана сүрөткө тартууну улантса болот.

Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы дрондорду да колдонууга тыюу салынганын, болбосо алар атып түшүрүлөрүн кошумчалады.

Кыргызстанда жыл сайын 1941-1945-жылдардагы СССР менен Германиянын ортосундагы согуштун катышуучуларынын элесине арналган “Өлбөс полк” жүрүшү өтөт. Бишкекте ага миңдей киши катышат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17