Аймак

ДУШАНБЕ “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮН ӨТКӨРҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРДИ

ДУШАНБЕ “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮН ӨТКӨРҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРДИ

 1,429 Бардыгы /

Тажикстан бийлиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына карата “Өлбөс полк” жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берди.

Бул маалыматты тажик президентинин коомчулук менен байланыш боюнча жардамчысы Абдуджаббор Рахмонзода тастыктады.

Эскерүү акциясына каалоочулардын баары келсе болот.

“Өлбөс полк” акциясы 9-майда Орусиянын көптөгөн шаарларында жана мурдагы СССР өлкөлөрүнүн айрымдарында өтүп келет. Анда адамдар согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат. Акция биринчи жолу 2007-жылы Тюмень шаарында “Жеңүүчүлөр парады” деген ат менен башталган. 2015-жылдан тарта эл аралык масштабга ээ болгон. Негизги максаты – согуш жылдары өлгөн ата-бабаларды эскерүү.

2017-2018-жылдары Душанбе бийлиги жүрүш уюштурууга уруксат бербей, аны ”техникалык” жана коопсуздук маселелери менен түшүндүргөн. Бирок шаардын жүздөгөн жашоочулары Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад жана расмий салтанаттардан кийин ”Өлбөс полк” акциясына катышышкан.

Бул арада Казакстандын Актөбө шаарында жергиликтүү бийлик жүрүш болбой турганын билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17