Аймак

БАЗАР-КОРГОН ЖАШТАРЫ СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕ БЕЛЕК ДАЯРДАШУУДА

БАЗАР-КОРГОН ЖАШТАРЫ СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕ БЕЛЕК ДАЯРДАШУУДА

 1,646 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Базар-Коргон районунун борбордук аянтында Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин баатырдыгы даңазаланмакчы.

Бул иш-чарага байланыштуу Базар-Коргон РИИБнин жашы жете электер менен иштѳѳ инспекциясынын кызматкерлери мектеп окуучуларына атайын бий ѳнѳрүн үйрѳтүшүүдѳ.

Алар эртең 9-май күнү район борборунда ѳтүүчү майрамдык программанын алкагында ѳз ѳнѳрлѳрүн кѳрсѳтүшѳт. Буга байланыштуу Сейдикум айыл аймагынын окуучулары кызуу даярдык кѳрүп жаткан учуру.

Негизги максат Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап, алардын жаркын келечекке болгон салымын жаш муундарга татыктуу жеткирүү экени айтылды. Мындан сырткары улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, кылмыштулуктун алдын алуу максатында мектеп окуучуларына арасында алгылыктуу жумуштар аткарылууда.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17