Аймак

“АЯЛДАР СОГУШТА: ЭРДИК ЖАНА БААТЫРДЫК” СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ДАГЫЛЕ УЛАНТЫЛУУДА

“АЯЛДАР СОГУШТА: ЭРДИК ЖАНА БААТЫРДЫК” СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ДАГЫЛЕ УЛАНТЫЛУУДА

 1,547 Бардыгы /

 НЬЮ-ЙОРК. БУУнун Нью-Йорктогу Штаб-Квартирасындагы 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган “Аялдар согушта: эрдик жана баатырдык” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү дагыле улантылууда. Бул сүрөт баянды мурдагы Советтер Союзунун курамындагы бир катар мамлекеттердин, мунун ичинде Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу Өкүлчүлүктөрү уюштурушкан.

Баса, сүрөт көргөзмөсүн уюштуруучу-мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрнүн бири-Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы аялдардын баатырдыгы жана эрктүүлүгү, улутчулдук менен күрөшүдө алардын ролу жана кошкон салымы туурасында баян этти. Мындан ташкары БУУнун Башкы катчысы А.Гуттериш чыгып ашынган улутчулдукка каршы Жеңиште ак жоолукчандардын каармандагын өзгөчө белгиледи. Сүрөт көргөзмөсүнүн жүрүшүндө аны уюштуруучу өлкөлөр согуш жылдарында жеңишке жетүүдө аялзатынын ашкан баатырдыгын чагылдырган сүрөттөргө көргөзмөгө келгендердин көңүлүн катуу бурушту.

БУУнун Нью-Йорктогу Штаб-Квартирасында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карат уюштурлган “Аялдар согушта: эрдик жана баатырдык” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын Буудагы Туруктуу Өкүлчүлүгү тарабынан  даярдалган тактада Экинчи дүйгөлүк согушта Кыргызстандын аялдарынын баатырдыгы жана эрдиги,тылдагы аялдардын жеңишке  кошкон салмактуу салымдары кеңири чагылдырылган.Мындан тышкары тактада Ленинград блокадасынан келген 150 баланы асырап алганТоктогон Алтыбасарованын эрдиги дагы өзгөчө баса белгиленген.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17