Аймак

ЭРДИКТИН ТИРҮҮ КҮБӨСҮ

ЭРДИКТИН ТИРҮҮ КҮБӨСҮ

 2,030 Бардыгы /

Улуу Жеңиш майрамынын алдында Ош облустук ички ичтер башкармалыгынын начальниги Малик Нурдинов жана Ош облустук ички иштер кызматкерлеринин ардагерлер Кеңешинин төрагасы Араван районунда жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Исмаилов Абдыкаюмдан кабар алып келишти.

Малик Нурдинов ардагерге КР ички иштер минисиринин атына салам айтып, ага министрликтин «Ардак» медалын жана акчалай сыйлыгын тапшырды. Андан кийин Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги да өздөрүнүн белектерин тапшырып, Абдыкаюм Исмаиловдун Мекендин коопсуздугу үчүн кылган кызматы биздин жигиттер үчүн өрнөк экендигин белгилеп өтүштү.

Исмаилов Абдыкаюм 1942-жылы Кызыл Армиянын катары чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жоокерлердин катарында Венгриянын борбору Будапешт шаарына чейин барган. Согуш аяктайын деп калганда НКВДнын атайын коштоп жүрүү полкуна кызмат өтөөгө которулуп, бул бөлүктө 1946-жылга чейин кызмат кылган. Ал туулган жерине кайтып келгенден кийин, райондук аскер коммисариаты тарабынан ички иштер бөлүмүнө кызмат кылууга сунуш берилет.

Ал Ош облусунун бир катар райондорунун ички иштер бөлүмдөрүндө иштеп, кийин Араван районунда иштеп жүрүп, 1985-жылы милициянын майору чини менен ардактуу эс алууга чыккан. Ош облусунда жашап жаткан 35 ардактуу ардагердин бири. Өлбөс-өчпөс эрдиктин тирүү күбөсү болгон Абдыкаюм аксакал азыр 96 жашта. Уул-кыздары өсүп-өнүп, аксакалдын ондогон небере-чеберелери, кыбыралары бар.

Жолугушуунун аягында Улуу Ата мекендик согуштун ардагери андан кабар алганы келген конокторго ыраазылыгын айтып, батасын берди.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Араван району.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17