Аймак

9-МАЙГА КАРАТА ЖАЛАЛ-АБАДДА «ГАРНИЗОНДУК РАЗВОД» ѲТТҮ

9-МАЙГА КАРАТА ЖАЛАЛ-АБАДДА «ГАРНИЗОНДУК РАЗВОД» ѲТТҮ

 2,629 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 9-май Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында «Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдык Жеңиш күнүнѳ» карата «Гарнизондук развод» болуп ѳттү. Бул иш-чарага Жалал-Абад ОИИБнин борбордук аппараты, КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ѳзүнчѳ ротасы, Жалал-Абад ОИИБнин кайгуул күзѳт кызматынын ѳзүнчѳ ротасы, Жалал-Абад ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү, Жалал-Абад шаардык ички иштер бѳлүмү жана Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик атайын күзѳт кызматынын ѳздүк курамдары катышты. Андан сырткары жогорудагы кызматтарга тиешелүү болгон атайын техникалары тартылды.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ алгач ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат ѳтѳгѳн кызматкерлер «атайын чиндерин» алышса, ал эми облустун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ ѳзгѳчѳлѳнгѳн, ошондой эле спортто да ийгиликтерге жетише алган бир топ кызматкерлер Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Салтанаттуу жүрүштүн алдында Жалал-Абад ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Кылыч Жолдошев сѳз сүйлѳп, жалпы ѳздүк курамды «9-май Улуу Жеңиш күнү» менен куттуктап, эч качан согуш болбоосун жана ѳлкѳбүздѳ тынчтык ѳкүм сүрүп, мамлекетибиздин ѳнүгүп ѳсүүсүн каалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, бүгүнкү майрамдык иш-чара учурунда областын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы миңден ашуун кызматкер күчѳтүлгѳн тартипте кызмат ѳтѳшѳт.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17