Аймак

ЫРДАЙЛЫ ЖЕҢИШ ЫРЛАРЫН

ЫРДАЙЛЫ ЖЕҢИШ ЫРЛАРЫН

 2,404 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак районуна караштуу  Ак-Сай  жалпы  билим берүүчү мектебинде Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата “Ырдайлы Жеңиш ырларын ”  аттуу конкурс өттү.

Аталган конкурска мектептин 7-8-9-10-11-класстары катышты. Тарых мугалими Исмаилова тарабынан Улуу Жеңишке арналган баяндама жасалды.

Ал эми конкурстун жүрүшү тууралуу уюштуруучу А.Садыкова төмөнкүлөрдү билдирди.

“Бул конкурстун максаты жаш муунга ата-бабаларыбыздын кан майданында жүрүп, азаптуу кыйынчылыктарынын артынан азыркыдай тынч заман келгенин билдирүү. Бейпил замандын баркына жетүүгө үндөө ошону менен бирге согушта жан берген ата-бабаларыбызды эскерүү болуп саналат. Аталган иш-чара эки шарттын негизинде өтүп, биринчи шартында жеңиш ырлары ырдалса, экинчисинде сахнаны көркөмдөө шарты аткарылды. Жыйынтыгында конкурска катышкан класстар активдүүлүгүнө карата 1-2-3-орундарды алышты” – дейт аталган мектептин соц.педагогу А.Сыдыкова.

Кошумчалай кетсек, Улуу Жеңиш күнүнө арналып, жер-жерлерде түрдүү иш-чаралар өтүүдө.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17