Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА НЕФТИ БАЗА ӨРТТӨНҮП ЖАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА НЕФТИ БАЗА ӨРТТӨНҮП ЖАТАТ

 1,950 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 10-майда Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик нефти базадагы май сактоочу контейнер өрттөндү.

Нефти базадагы алоолонгон өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык, Сузак райондук ӨКБден жалпы 7 бөлүм тартылган. Ош облусунун өрт өчүрүү кызматы да жардамга келишкен. Жеринде ИИМдин кызматкерлери, тез жардам кызматы иш алып барууда. Андан тышкары шаардык суу канал башкармалыгынан, жашылдандыруу чарбасынан, аэропорттон кошумча техникалар тартылды.

Аймактагы жолдор тосулуп курчоого алынган. Жакын жайгашкан үйлөрдөн болжол менен 2000дей жашоочулар эвакуацияланды. Кырсык боюнча өрт өчүрүү кызматына маалымат, 10-май күнү саат  күндүзгү 09:59да келип түшкөн. Тилсиз жоодон 3 адам жабыркап, Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилген. Анын  2 адамы күйүк, 1и жыгылган. Бул тууралуу врач-травматолог Икрам Вариванов билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда нефти база “Томас и Ко” ЖЧКсына таандык. Аталган өндүрүштүк зонада 8 нефти база жайгашкан.

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17