Аймак

БАТКЕНДЕГИ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА ОН ТОГУЗ ГАНА СОГУШ АРДАГЕРИ КАТЫШТЫ

БАТКЕНДЕГИ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА ОН ТОГУЗ ГАНА СОГУШ АРДАГЕРИ КАТЫШТЫ

 2,779 Бардыгы /

                   БАТКЕН. Улуу Жеңиш майрамы  согуштун ардагерлери жана Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу үкүлү Акрам Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова баштаган жетекчилердин катышуусунда Баткен шаарындагы “Белгисиз жоокердин” эстелигине гүлчамбарларды коюу менен башталды. Андан соң согушта курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран дагы окулду.

Ушундан кийин гана согуш ардагерлери отурушкан автоунаалар жана жетекчилер тизилишип “Өлбөс Полк”жүрүшү менен кошо борбордук стадионго  барышты. Жеңиш майрамынын салтанаттуу бөлүгүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу үкүлү Акрам Мадумаров согуштун жана ооруктун ардагерлерин Жеңиш майрамы менен чын ыкластан куттуктапмекен үчүн жасаган эрдиктери үчүн терең таазимэтип,узак жана бакубат жашоо каалап, салтанатка катышкан ардагерлерге Кыргы Республикасынын Президентинин куттуктоо катын тапшырды. Ошол эле учурда жалпы облустун калкына тынччылык, ынтымакчылык жана биримдик каалады. Улуу Жеңиш майрамынын урматына шаар тургундарына аскердик парад,согуш учурунан сахналаштырылган сүртүмдөр жанамектепокуучуларымаданияткызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программалар дагы тартууланды.  

Жеңиш күнү ардагерлер жоокердик тамакаштардан дагы даам сызышты. Улуу Ата Мекендик согушка  Баткен облусунан  20766 эр азамат аттанып, булардын 14213 Ата Журтуна кайтпай калышты. Ал эми 6553 Кыргызстанга Жеңиш алып келишти. Ушул тапта жеңиш ээлеринин 19у гана арабызда өмүр сүрүүдө.  

 

                        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17