Аймак

КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАЙ АТКЕЗЧИЛИГИНЕН КЫРГЫЗСТАН МИЛЛИАРДДАГАН ЧЫГАША ТАРТУУДА

КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАЙ АТКЕЗЧИЛИГИНЕН КЫРГЫЗСТАН МИЛЛИАРДДАГАН ЧЫГАША ТАРТУУДА

 1,394 Бардыгы /

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов күйүүчү-майлоочу майды аткезчилик жол менен ташуудан Кыргызстандын бюджети жылына 5 млрд. сомдон ашуун жоготуп жатканын айтып чыкты.

Максат Мамытканов Токмоктон Бишкекке чейинки жолдо аткезчилик менен Казакстандан ташылган күйүүчү май сатылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, аткезчилик менен келген күйүүчү майдын наркы май куюучу станциялардагы бензиндин баасынан он сомго арзан. Анын жеке иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген күйүүчү майдын көлөмү жылына болжол менен 1 млрд. литрден ашат.

Анын ар литринен 4 сомдон салык түшпөй жатканын айтканМаксат Маматканов мамлекеттик бюджет аткезчилик менен кирген күйүүчү майдын айынан жылына 5 млрд. сомдон ашуун жоготуп жатканын белгиледи:

Күйүүчү майдын аткезчилиги боюнча маселе биринчи орунга чыгып жатат. Ошондуктан көмүскө ташылып келген бензинди Бажы кызматы текшерип жатабы? Бул Казакстандын арзан бензини канча көлөмдө жана кандай жолдор менен алынып келет? Кантип сатылып жатат? Мына ошонун айынан канча салык түшпөй калды? Бул суроолордун баарына жооп издеп, аны иликтеп чыгып, укуктук баа берүү керек. Азыр Казакстандан арзан баада ар кандай жолдор менен ташып чыгарып алып, бензинди кайра кымбат баада сатып жаткандар бар”.

Кыргызстандын мунай затына болгон жылдык керектөөсү 1,1 млн. тоннадан ашуун. Анын ичинен Экономика министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы күйүүчү-майлоочу майдын көмүскө жүгүртүүсүнүн үлүшү 25% түзгөн. Ошондо ар бир төртүнчү литр бензин же дизель мыйзамсыз жол менен ташылып, салык алынбай келген.

Казакстан былтыр жылына 100 миң тоннадан ашуун А92 үлгүсүндөгү бензинди Кыргызстанга экспорттук төлөмү жок сатууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева кыргыз өкмөтү буга байланыштуу макулдашууну эмнеге кечеңдетип жатканына кызыккан эле:

Былтыр күзүндө эле “Казмунайгаздын” жетекчилиги жылына 400 миң тоннадан ашуун күйүүчү майды сыртка Кыргызстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга сатуу планы бар экенин айткан. Ал жактан бензин алынып келсе, анда анын баасы бизде дагы арзандамак. Бирок мына азыр жарым жылдан ашуун убакыт өтсө да бул боюнча эч кандай жылыш жок. Өкмөт эмнеге бул ишти кечеңдетип, өз учурунда чечпей жатат?”.

Ошол эле кезде экономика министри Олег Панкратов төлөмү жок күйүүчү майды ташуу боюнча казак тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан.

Олег Панкратов макулдашуунун долбоору иштелип чыгып, кол коюуга даяр болуп калганын билдирген:

Сүйлөшүүлөрдө күйүүчү май ташуу боюнча макулдашуунун долбоорун биргеликте иштеп чыгуу жагы чечилген. Анда бир эле түрдөгү күйүүчү майдын үлгүсүн 100 миң тоннага чейин Кыргызстанга экспорттоо боюнча маселе каралган. Премьер-министрлердин деңгээлинде мына ушундай макулдашуу болгон. Андан кийин Өнөр-жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетке тиешелүү макулдашууну иштеп чыгып, кол коюуга даярдоо тапшырмасы берилген. Азыркы учурда бул долбоор өз ара макулдашуу этабында турат”.

Максат Маматкановдун жеке иликтөөсүнө караганда Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылган күйүүчү майды ачыкка чыгаруудан мамлекеттик бюджет жыл сайын 70 млн. доллардан ашуун кошумча киреше алмак. Соңку жылдары Кыргызстанга күйүүчү май негизинен Орусиядан гана ташылып калган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17