Аймак

ЭМОМАЛИ РАХМОН: «ИСТИКЛОЛ» МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРУН КУРУУДА 16 МЛН. ДОЛЛАР УУРДАЛГАН

ЭМОМАЛИ РАХМОН: «ИСТИКЛОЛ» МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРУН КУРУУДА 16 МЛН. ДОЛЛАР УУРДАЛГАН

 854 Бардыгы /

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарындагы «Истиклол» медициналык борборун куруудагы бюджеттик акчалардын сарпталышы боюнча кенен маалымат берди. Анын айтымында, объекти салуу учурунда 151 миллион сомони (16 млн. доллар) уурдалган.

Рахмон өлкөнүн салык, бажы, банк кызматкерлери менен жолугушуу учурунда: «151 миллион сомони. Бул акчага заманбап 10 мектеп курса болот», – деп нааразы болду.

Тажикстан башчысы курулушчулар өтө арзан, сапатсыз кытай материалдарын колдонуп, документте алардын баасын жогору көрсөтүшкөнүн белгиледи.

Эмомали Рахмон Эсеп палатасынын аудиторлору медициналык борборду куруудагы коррупциялык иштерди жашыруу үчүн 250 миллион доллар пара алганы тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди.Ал жемкорлукка аралашкан бардык кызмат адамдары жоопкерчиликке тартыларын айтты.

2017-жылы Душанбе мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Саидшариф Анваров 18 жылга эркинен ажыратылып, мамлекетке 9 млн. сомони ($1,1 млн.) төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ал «Истиклол» медициналык борборун курууда бюджеттик каражатты кымырып алган жана кызмат адамына пара берген деп айыпталган.

Ушул эле иш боюнча «Точикколхозсохтмон» компаниясынын жетекчиси Фазлиддин Махмудов 18 жылга анын орун басары Фируз Рахмонов 5 жылга соттолгон.

Өлкөдөгү эң ири медициналык борбордун курулушуна 706 млн. сомони кеткен. Ал 2016-жылы мартта ишке берилген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17