Аймак

АЛИШЕР УСМАНОВ УЛУУ БРИТАНИЯНЫН ЭҢ БАЙ 10 ЖАШООЧУСУНУН КАТАРЫНА КИРДИ

АЛИШЕР УСМАНОВ УЛУУ БРИТАНИЯНЫН ЭҢ БАЙ 10 ЖАШООЧУСУНУН КАТАРЫНА КИРДИ

 996 Бардыгы /

The Times басылмасы Улуу Британиянын эң бай 1000 жашоочусунун тизмесин жарыялады. Анын алдыңкы ондугуна үч орусиялык ишкер кирген.

Жыл сайын жарыяланып келген бул тизмеге алгачкы жолу Alfa Group жана LetterOne инвестициялык компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири Михаил Фридман кирген. Times басылмасы анын байлыгын 10,9 миллиард фунт стерлингге баалап, тизменин онунчу сабына жайгаштырган.

Фридман 2016-жылы Лондондун түндүгүнөн 65 миллион фунтка хансарай сатып алган. Анда Forbes журналы аны британ борборунун эң бай жашоочусу деп атаган.

Тизменин сегизинчи сабына 11 миллиард фунт стерлинг байлыгы менен өзбек тектүү орусиялык олигарх Алишер Усманов жайгашкан. Буга чейин ал Forbes журналы тарабынан бир нече жыл катары менен Орусиянын эң бай адамы деп таанылган. Forbes былтыр Усмановдун байлыгын 12,6 миллиард долларга баалаган.

Улуу Британиянын эң бай 1000 жашоочусунун тизмесинде Роман Абрамович 11 миллиард фунт стерлинг байлыгы менен тогузунчу сапка жазылган. Былтыр Абрамович узак мөөнөттүү британ визасынан кол жууп калган. Бирок ал израиль паспорту менен бул өлкөгө кирип чыга алат.

Тизменин биринчи сабына теги индиялык бир туугандар Шри жана Гопи Хиндуялар жазылган. Алардын байлыгы 22 миллиард фунт стерлинг деп бааланган. Бир туугандар өнөр жай жана каржы тармактары боюнча инвестициялар менен алектенишет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17