Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ПРОКУРОРЛУГУНА АЙМАКТЫН МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИСИНИН ИНИСИ ДАЙЫНДАЛДЫ  

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ПРОКУРОРЛУГУНА АЙМАКТЫН МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИСИНИН ИНИСИ ДАЙЫНДАЛДЫ   

 1,365 Бардыгы /

        БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Баткен облусунун прокурорлугуна Абдибакыт Халмурзаевди дайындады. Ошентип, жаңы прокурор эмгек жамаатына тааныштырылып, милдетин аткарууга киришти.

            Буга дейреБаткен облусунун прокурору вазийпасын Ороз Бердибаев аркалап жаткан. А Абдибакыт Халмурзаев 2017-жылдан тартып Бишкек шаарынын прокурору болуп иштеп жаткан. Ал Баткен облусунун мурдагы жетекчиси Абиш Халмурзаевдин бир тууган иниси.

Абдибакыт Халмурзаев надзордук органда жооптуу кызматтарды аркалаган. 2010-жылы Башкы Прокурордун орун басары эле.

 

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17