Аймак

REUTERS: ТРАМП G20 САММИТИНДЕ КЫТАЙ ЖАНА ОРУСИЯ ЛИДЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГАТ

REUTERS: ТРАМП G20 САММИТИНДЕ КЫТАЙ ЖАНА ОРУСИЯ ЛИДЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГАТ

 1,147 Бардыгы /

АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл июндун аягында Жапонияда өтө турган «Чоң жыйырма» (G20) саммитинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугууга ниеттенип жатканын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Трамптын айтымында, өткөн жумада АКШ-Кытай ортосунда макулдашууга кол коюу аракети ишке ашпай калгандан кийин анын Си Цзиньпин менен жолугушуусу натыйжалуу болушу мүмкүн. Ал Путин менен жолугушуусунан кандай жыйынтыктарды күтүп жатканы боюнча эч нерсе айткан жок.

«Чоң жыйырма» саммити 28-29-июнь күндөрү Жапониянын Осака шаарында өтөт.

Буга чейинки саммит Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте былтыр 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү өткөн. Анда Трамп менен Путин жолуга тургандыгы жөнүндө көптөгөн сөздөр айтылганы менен эки лидер жолуккан эмес. Буга Азов деңизине бараткан 24 украин деңиз аскеринин Орусиянын кемелери тарабынан кармалышы себеп болгон. Анда кармалган украин аскерлери дале болсо Орусияда камакта калууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17