Аймак

ЭМОМАЛИ РАХМОНДУН СЫНЫНА КАБЫЛГАН БАЖЫ КЫЗМАТКЕРИ ИШТЕН АЛЫНДЫ

ЭМОМАЛИ РАХМОНДУН СЫНЫНА КАБЫЛГАН БАЖЫ КЫЗМАТКЕРИ ИШТЕН АЛЫНДЫ

 1,222 Бардыгы /

Тажикстандын Бажы кызматы «Душанбе-1» бажы терминалынын башчысы Шахбоз Ражабзода жумуштан кетирилгенин билдирди. 10-майда өлкө президенти Эмомали Рахмон каржы, салык жана бажы кызматкерлери менен жолуккан маалда анын ишин катуу сынга алган.

«Шахбоз Ражабзода мамлекет башчынын сынынан кийин дароо иштен алынган. Учурда анын кайсыл жерде, эмне менен алек болуп жатканын билбейбиз», — деп билдиришти мекемеден.

Эмомали Рахмон 10-майдагы жолугушуу маалында Шахбоз Ражабзоданы ордунан тургузуп, анын канча үйү жана автоунаасы бар экенин сураган. Мамлекет башчы Ражабзода начар окугандыгы үчүн университеттен чыгарылганын белгилеп, аны «өлкө жетекчилеринин атынан көп сүйлөйт» деп айыптаган. «Сенин күнөөң башыңдагы чачыңан дагы көп. Буга чейин иштеген жерлердин баарынан кетиришкен. Бул кызматка кандайча дайындалып калганың түшүнүксүз болууда», — деп билдирген Рахмон.

Андан соң мамлекет башчы Ражабзодага өз каалоосу менен кызматтан кетип, чет өлкөгө которгон бардык акчасын мамлекетке кайтаруу буйругун берген.

Шахбоз Ражабзода «Душанбе-1» бажы терминалынын башчысы кызматындагы бир жылга жетпеген убакытта борбордон үч батир жана кымбат баалуу автоунаа сатып алганы айтылууда. Мындан тышкары бул аралыкта анын лейтенант наамы подколковникке чейин көтөрүлүп, дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнө 16 жолу чыгып келүүгө жетишкен.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17