Аймак

ЭАУда “САБАТТУУ БОЛ!” АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУда “САБАТТУУ БОЛ!” АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

 2,494 Бардыгы /

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) үстүбүздөгү жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын демилгеси менен “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында республикалык “Сабаттуу бол!” акциясы өткөрүлдү. Аталган акциянын алкагында университеттин кызматкерлери жана студенттери кыргыз тилинде жат жазуу жазышты. Бул акцияга 187 кызматкер жана студент ыктыярдуу түрдө катышты. Катышкандардын арасында бир катар башка улуттардын өкүлдөрү да бар.

Аталган акциянын ЭАУда өткөрүлүшүн уюштурган топто төмөнкү адистер болушту, алар: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Жалал-Абад областындагы адиси Н.К. Исманова жана ЭАУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, филол.и.к., проф. А.С. Жолдошбаев, ЭАУнун мамлекеттик расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы филол.и.к., доц. А.М. Турдубаева, филол.и.к., проф. Э.Г. Хурибаева. Мындай акциялардын өткөрүлүшү абдан маанилүү демилге!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук

менен байланыштар боюнча кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17