Аймак

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ БОРБОР АЗИЯНЫН КЫЗМАТТАШУУ ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ БОРБОР АЗИЯНЫН КЫЗМАТТАШУУ ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

 1,297 Бардыгы /

        ЦЗИНАНЬ. Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын борбору Цзинань шаарында Кытай – Борбор Азия IVкызматташуу Форуму аяктады. Ага Кыргыз Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жетектеген делегация жана Кыргызстандын Кытайдагы Элчилигинин өкүлдөрү катышышты.

            Форум учурунда башка өлкөлөрдүн делегацияларынын башчылары менен дагы эки тараптуу аймактык кызматташуу маселелерин талкуулаган жолугушуулар жүрдү. Форумдун ишине Кытайдын провинцияларынын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Армениянын, Белорусиянын, Молдованын, Орусиянын мамлекеттик органдарынын, бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана ШКУ Катчылыгынын кызматкерлери катышышты.

         Кыргыз Президентинин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» Жарлыгын аткаруу максатында Кыргызстандын КЭРдеги Элчилигинин колдоосу аркасында Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Нарын облусу менен Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясынын ортосундагы боордош мамилелерди түзүү жөнүндө атайын Меморандумга дагы кол коюлду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17