Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ТҮРКИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ТҮРКИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,465 Бардыгы /

АНКАРА. Кыргызстандын Түркиядагы  Элчиси Кубанычбек  Өмүралиев  Түркиянын  Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен биринчи ирет расмий жолугушту.

Жолугушуу маалында Мевлют Чавушоглудипломатиялык миссиясынын башталышы менен Кубанычбек Өмүралиевди  кызуу куттуктап, Кыргызстан менен Түркия боордош жана дос өлкөлөр экендигин баса белгиледи. Мевлют Чавушоглу Кубанычбек Өмүралиевдин  ишине ийгилик гана каалоо менен бирге, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жардамын жана жеке өзүнүн колдоосун дагы кошумчалады.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 7-11 апрелиндеги Түркияга жасаган жана Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдогандын 2018-жылдын 1-3 сентябрында Кыргызстанга жасаган расмий сапарларынын жыйынтыгында жетишкен макулдашуулардын мындан аркы жүзөгө ашырылуусунун зарылчылыгын дагы белгилешти. Аталган сапарлардын алкагында кол коюлган документтерди тез арада ратификациялоо жана тараптардын кароосунда болгон Макулдашуулардын долбоорлорун кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы дагы айтылды.

Соңунда Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын  Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу үстүбүздөгү  жылдын 6-8 майындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркияга жасаган сапарынын алкагында 7-майда болуп өткөн Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык пландоонун Биргелешкен Тобунун үчүнчү жыйынын жемиштүү ишин жана жыйындын жыйынтыгында жетишилген  макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш алып баруу зарылгылыгын дагы баса белгилешти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17