Аймак

ОШТО ЖУРНАЛИСТТИК КЕСИП ОПУРТАЛ ӨНӨРГӨ АЙЛАНДЫ

ОШТО ЖУРНАЛИСТТИК КЕСИП ОПУРТАЛ ӨНӨРГӨ АЙЛАНДЫ

 1,644 Бардыгы /

Ош шаарына караштуу Алишер Навои көчөсүндөгү «Де Люкс» конок үйү кумаркана экендиги эл арасында деле көптөн бери айтылып жүргөн. Андыктан, бул жашыруун жайга «Ири суммадагы акчабызды алдаттык!» деп даттанышкан жарандар менен кошо журналисттер дагы кошо барышкан. Тилекке каршы, аталган жайдын күзөтчүлөрү журналисттерге күтүүсүздөн кол салышып, а түгүл жабдыктарын дагы күчтөп тартып алышкан. Ошондуктан, басма сөз өкүлү кумаркана ээлерин жоопко тартуу талабы менен укук коргоо органдарына кайрылды.

                        – «Де Люкс» конок үйүнүн күзөтчүлөрү колумду кадимкидей эле кайрышып, уюлдук телефонумду күчтөп тартып алууга абдан катуу аракет кылышты, – деди «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Ыдырыс ИСАКОВ. – Бул кол салуу эмей эмине? Бактыга жараша олуттуу деле жараланбадым. Колдорум гана тытылды. Казинону (кумаркананы) дагыле мыйзамсыз иштетип жатышкан адамдарга, буга жол коюшкан тиешелүү кызматтарга токтоосуз чара көрүүсүн талап кылып, укук коргоо органдарына аргасыздан кайрылдым. Эми булар канчалык даражада мыйзам чегинде жазага тартылат? Аман турсак, аны дагы көрө жатарбыз…

 

            – Мени эки күзөтчү «Де Люкс» конок үйүнүн ичине алып киришип, анан гана телефонумду суроо-сопкутсуз тартып алышты. Анан ичиндеги видеосюжеттерди бүт өчүрүп ташташты, – деп тызылдады дагы бир журналист Даткабек Шабданбек уулу. – Буга удаа үч бейтааныш аял мага капысынан эле кол салышты. Бирок, мен өзүмдү кармап, аларга теңелип урушкан жокмун. Жооп дагы кайтарбадым. Бирок, тигилер менден ишимди мындан ары улантпоомду абдан катуу талап этишти.

              Бактыга жараша жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү бул жаңжал туурасында Ош шаардык башкармалыгына акыры чалганга дагы үлгүрүшкөн.

          

  – «Де Люкс» конок үйүндө жайланышкан көмүскө кумаркана (казино) жөнүндө буга дейре деле  эки ирет Арыз түшкөн, – деп кепке аралашты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек СЫДЫКОВ. – Ошол даттануу каралып жатса деле аталган казино кумар оюндарын дагыле уюштуруп жатыптыр. Эгерде экспертиза тарабынан мунун кумаркана экендиги чындап эле аныкталса, бул «Де Люкс» конок үйү сөзсүз мыйзамга ылайык жабылат. Мындан тышкары журналисттердин ишине жолтоолук кылгандар дагы сөзсүз суракка алынат. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган материалдардын негизинде ар тараптуу иликтөө дагы жүргүзүлөт. Ошентип, ар бир жорук-жосунга сөзсүз укуктук баа дагы берилет.

            Деген менен соңку тапта журналисттик кесип өтө опурталдуу өнөргө айланып бараткандыгына кабатырланып, буга Президент Сооронбай Жээнбеков өзү баштаган Кыргыз бийлиги кош көңүл карабаса деген тилектегилер дагы аз эмес.

            – Өзү ар кандай даражадагы жетекчи жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлүнө сураган маалыматын берүүгө түздөн-түз милдеттүү! – деди республикалык «Кыргыз Туусу» гезитинин башредакторунун Түштүк аймагы боюнча орун басары Жыпар АКУНОВА. – Демек, «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Ыдырыс Исаковдун талабы мындайда өтө орундуу. Мен дагы ага тилектешмин! Жемкорлука каршы күрөштө минтип чогуу аракеттенбесек, аны жеңүү, же азайтуу оголе кыйын!

            Айтмакчы, Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып кумар оюндарын уюштуруу мекемелерин жана казинолорду жабуу туурасындагы мыйзам күчүнө биротоло кирген. Ошого карабастан, былтыр Ош шаарында кумарканаларды көмүскө иштетишкен сегиз жай аныкталган. «Де Люкс» конок үйү жагы дал ошолордун катарында турат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17