Аймак

ИШКЕРДИКТИ КОЛДОО БОРБОРУНУН РАСМИЙ АЧЫЛЫШЫ

ИШКЕРДИКТИ КОЛДОО БОРБОРУНУН РАСМИЙ АЧЫЛЫШЫ

 1,834 Бардыгы /

Бүгүн, Жалал-Абадда Ишкердикти колдоо борборунун расмий ачылыш аземи өттү.

Аталган борбор Европа коопсуздукту кызматташтык уюмунун “Бизнести илгерилетүү жана чакан-орто ишканаларлы өнүктүрүү” дообоорунун алкагында Жалал-Абад ЖИА бизнес ассоциациясынын алдында түптөлгөн.

Ишкердикти колдоо борбору ишкерлерге бизнес тууралуу маалыматтарды жайылтуу, кеңеш берүү, колдоо жана ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтөт.

Бул иш-чарага  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс, Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев, ЖИАнын жетекчиси Анарбек Малабаев жана башка өкүлдөрү катышты.

Эске сала кетсек, Бизнес ассоциация ЖИА 2006-жылы Бишкек шаарында жаш ишкерлер тарабынан түптөлгөн. Учурда өлкө боюнча 1000ге жакын, анын ичинен Жалал-Абад облусунда 120 ишкердин башын бириктирген бирикмелердин бири.

Акылай КАРАБАЕВА, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17