Аймак

БАТКЕН ОКУЯСЫНЫН АРДАГЕРЛЕРИ ЖАШТАРДЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТАН АЛЫС БОЛУУГА ҮНДѲДҮ

БАТКЕН ОКУЯСЫНЫН АРДАГЕРЛЕРИ ЖАШТАРДЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТАН АЛЫС БОЛУУГА ҮНДѲДҮ

 1,045 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАБ. Баткен окуясынын ардагерлери милиция менен биргеликте жаштарды кылмыштуулуктан алыс болууга жана мекенчилдикке үндѳдү.

25-май акыркы коңгуроо күнү жакындаган сайын мектеп окуучулары арасында ар түрдүү иш-чаралар улантылууда. Жалал-Абад ШИИБи,  калаа мэриясы жана шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте көтөрүлгөн демилгелер колдоого алынып, окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чарага Баткен согушунун ардагерлери да катышышты. Мектеп окуучуларына апааттын ардагерлери тарабынан атайын тасмалар кѳрсѳтүлдү. Ѳспүрүмдөрдүн  патриоттук сезимдерин ойготуу максатында ошол кездеги тарткан кыйынчылыктарын Баткен ардагерлери айтып беришти. Ошондой эле милиция тарабынан ѳз учурунда – мамлекеттик корголуучу тарыхый, маданий эстеликти же болбосо табигый объектти коомдук адеп-ахлакка доо кетирген жазуулар, сүрѳттѳр же башка ыкма менен булгоо, коомдук жерлердеги мүлктү бузуу КРнын Жоруктар жѳнүндѳ Кодексинин негизинде жоопко тартылары эскертилди.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаарында эс алуу жайларындагы эстеликтерге мектеп окуучулары тарабынан ар кандай жазууларды жазып кетишкен учурлар жүз берген. Ѳткѳрүлгѳн чогулуштун натыйжасында мектеп мугалимдери ѳз ыктыярчы окуучулар менен биргеликте эстеликтерге жазылган жазууларды ѳчүрүшүп, айлана-тегерегин тазалашты. Бул максаттагы иш-чаралар Жалал-Абад ШИИБнин жашы жете элек ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясы тарабынан башка мектептерде дагы улантылат.

  Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17