Аймак

“КЕЛЕЧЕК” РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК ОЮНДАРЫ СТАРТ АЛДЫ

“КЕЛЕЧЕК” РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК ОЮНДАРЫ СТАРТ АЛДЫ

 2,799 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД.  15-май күнү  2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда уюштурулуп жаткан КРдин балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин окуучуларынын арасында “Келечек” республикалык спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча спартакиаданын ачылуу аземи өттү.

Бул мелдешке катышкан балдар эртең өлкөбүздүн желегин желбиретет дейт Жогорку Кеңештин депутаты, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Максат Эгембердиев:

-Урматтуу спортчулар, машыктыруучулар, калыстар жана спорт күйөрмандары. Мамлекетибизде биринчи жолу спорт мектептеринин окуучуларынын арасында спорттун олимпиадалык оюндары болуп олтурат. Спорт – бул ынтымактыкка, достукка, биримдикке, жакшылыкка чакыра турган нерсе. Дени сак өлкө – күчтүү мамлекет деп аталат. Учурда болуп жаткан оюндарда даярдыгы жакшы болгон спортчулар ийгилик жаратат деп ишенебиз. Ушул эле балдар эртеңки күнү КРдин Биринчилигинде, Азияда, дүйнөлүк олимпиадада дагы өлкөбүздүн намысына жарап, желегин бийик желбиретет деген ишеничтебиз. Мындай иш-чара Жалал-Абад жергесинде болуп жатканына кубанычтабыз. Мелдештин жакшы, ийгиликтүү өтүшүнө тилектешмин.

Эскерте кетсек, 15-20-май күндөрү өткөрүлгөн спартакиадага республикабыздын областтарынан келген жалпы 1386 спортсмен спорттун 9 түрү (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, волейбол, баскетбол, футбол, жеңил жана оор атлетика, бокс, дзюдо) боюнча күч сынашат.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17