Аймак

ПУТИН G20 САММИТИНДЕ ТРАМП МЕНЕН ЖОЛУГУШУУГА ДАЯР ЭКЕНИН БИЛДИРДИ

ПУТИН G20 САММИТИНДЕ ТРАМП МЕНЕН ЖОЛУГУШУУГА ДАЯР ЭКЕНИН БИЛДИРДИ

 1,220 Бардыгы /

Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл июндун аягында Жапониянын Осака шаарында өтө турган «Чоң жыйырма» саммити маалында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушууга даяр экенин билдирди.

Сочидеги басма сөз жыйынында Путин Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилелер жөнгө салына тургандыгына үмүтү бар экенин белгиледи.

Буга чейин Дональд Трамп дагы саммитте Путин менен жолугууга ниеттенип жатканын айткан. Кремлден орус президенти Ак үйдүн башчысы менен жолугууга даяр экенин, бирок Орусия АКШдан расмий кат ала электигин билдиришти.

14-майда АКШ Мамлекеттик департаментинин башчысы Майк Помпео менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу зарыл экенин белгилешкен. Ошол эле маалда тараптар бир катар маселелер боюнча пикир келишпестиктер бар экенин билдиришкен.

Былтыр жыл соңуда Буэнос-Айрес шаарында өткөн «Чоң жыйырма» саммитинде Трамп менен Путин жолуга тургандыгы жөнүндө көптөгөн сөздөр айтылганы менен эки лидер жолуккан эмес. Буга Азов деңизине бараткан 24 украин деңиз аскеринин Орусиянын кемелери тарабынан кармалышы себеп болгон. Анда кармалган украин аскерлери дале болсо Орусияда камакта калууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17