Аймак

АКРАМ МАДУМАРОВ: “САПАТТУУ БИЛИМ – КЕЛЕЧЕККЕ ИШЕНИМДүү ИНВЕСТИЦИЯ”

АКРАМ МАДУМАРОВ: “САПАТТУУ БИЛИМ – КЕЛЕЧЕККЕ ИШЕНИМДүү ИНВЕСТИЦИЯ”

 1,446 Бардыгы /

БАТКЕН. Билим сапатын көтөрүү Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн агартуу тармагынын кызматкерлери менен жолугушуусунун башкы темасына айланды. Бул иш-чаранын жүрүшүндө билим берүнүүнүн сапатын жогорулатууга эмне тоскоолдуктар болуп жаткандыгы ачык жана эркин форматта талкууланды.

Билим берүү тармагы өлкөнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыты болгондуктан, өлкө казынасынан бул тармакты жакшыртууга аз эмес каражат сарпталып жатканы менен, билим сапаты жетишээрлик эмес! Ошондой эле билим сапатын жогорулатууга каражат гана эмес, бирдиктүү система жана биргелешип иштөө дагы абзел! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров.

Андан соң кеңешменин катышуучулары билим сапатын жогорулатуудагы айрым тоскоолдуктарды ачык эле айтышты. Эң негизгиси баланы тарбиялоодо жана мыкты билим берүүдө ата-энелердин ролу жогору. Бирок, ушул тапта ата-энелерди мектеп менен байланыштыруу кыйын болуп жаткандыгын жана миграция агымынын күч экени дагы буга катуу кесепетин тийгизип жаткандыгын баса белгилешти.

– Билим берүүнүн сапаты мугалимдердин билим сапатынан жогору боло албайт. Ошондуктан жаш мугалимдерге жардам берип, күчтүү кадрларды даярдоого маани берүү абзел! – деди Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадеминов.

Буга улай Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Акрам Мадумаров ар бир мектеп жетекчилиги жана жамааты, ата-энелер менен тыгыз мамиле түзүүгө жетишиши зарылдыгын баса белгиледи. Кеңешмеде учур талап кылган жаңы ыкмаларды колдонуу аркылуу ата-энелерди балдарынын окуусуна кызыктыруу үчүн “Электрондук күндөлүк” долбоорун киргизүү туурасында Кадамжай Сапат лицейи эксперимент катары кабыл алынды. Соңунда Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү бул өңүттө бир катар тапшырмаларды алдыга койду.

Баткен облусунда 244 мектеп бар. Мунун 6сы жеке менчик. 179 бала бакчасынын дагы 20сы жеке менчик. Ушул тапта облуста жалпысынан 7258 мугалим эмгектенип жатат. Дагы 227 мугалим жетишпейт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17