Аймак

КАЗАКСТАНДА БЕЛГИЛҮҮ КЫТАЙ ТААНУУЧУ МАМЛЕКЕТКЕ ЧЫККЫНЧЫЛЫК КЫЛУУГА АЙЫПТАЛУУДА

КАЗАКСТАНДА БЕЛГИЛҮҮ КЫТАЙ ТААНУУЧУ МАМЛЕКЕТКЕ ЧЫККЫНЧЫЛЫК КЫЛУУГА АЙЫПТАЛУУДА

 1,561 Бардыгы /

Казакстанда саясат таануучу Константин Сыроежкин мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы менен кармалды. Бул тууралуу “Интерфакс-Казакстан” Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме берүү менен билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 62 жаштагы саясат таануучу 19-февралда эле кармалган. Улуттук коопсуздук комитети башка маалымат берген жок.

Константин Сыроежкин Казакстанда Кытай тануу боюнча алдынкы адистерди бири. Ал орус, англис, кытай тилинде жарык көргөн 1000ден ашуун макаланын автору. Сыроежкин 2006-жылдан бери Казакстан президентинин алдындагы Стратегиялык иликтөөлөр институтунун башкы илимий кызматкери болуп иштеген.

Сыроежкин камакта болушу мүмкүн экенин февралда эле Казакстандагы адам укуктары боюнча бюросунун директору Евгений Жовтис кабарлаган. Анын айтымында, саясат таануучу ошондон бери кесиптештери менен байланышка чыкпай калган.

Февралда Сыроежкин Алматыдагы илимий конференцияда Кытай боюнча баяндама жасамак, бирок иш-чарага келген эмес.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17