Аймак

МЕРКЕЛЬ: ЕВРОКОМИССИЯ “ТҮНДҮК АГЫМ– 2” КУРУЛУШУН ТОКТОТО АЛБАЙТ

МЕРКЕЛЬ: ЕВРОКОМИССИЯ “ТҮНДҮК АГЫМ– 2” КУРУЛУШУН ТОКТОТО АЛБАЙТ

 869 Бардыгы /

Германия канцлери Ангела Меркель Еврокомиссия “Түндүк агым– 2″ газ куурунун курулушун токтото аларынан күмөн санады. Бул тууралуу Deutsche Welle кабарлады.

Меркелдин пикиринде, долбоор дээрлик толугу менен бекитилген жана ЕБ жетекчилиги кабыл алган “газ директивасына” карабай, аны ишке ашырууга тыюу салуу мүмкүн эмес. Газ директивасынын алкагында, Брюссель “Түндүк агым” сыяктуу долбоорлорду жөнгө салып, алардын биримдиктин эркин атаандаштык боюнча нормаларына шайкеш келер-келбесин текшерет.

Ангела Меркель Гремания менен Орусия ортосундагы жаңы газ кууру ишке берилсе да, Украина орус газын жеткирүү тармагында транзиттик өлкө бойдон кала берерин кошумчалады. Германия канцлери бул маселени Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский менен талкуулоого убада берди.

Жакында “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер май айынын ортосуна чейин курулушчулар газ трубаларынын теңинен көбүн орнотуп бүтүшкөнүн кабарлаган.

“Түндүк агым – 2” долбоору Орусиянын газын Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу алып келет. Орусиянын газын Германияга түз жеткире ала турган бул долбоорго Евробиримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ караманча каршы.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17