Аймак

ОШ ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫНЫН АВТОНУААСЫ КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

ОШ ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫНЫН АВТОНУААСЫ КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

 1,330 Бардыгы /

            ОШ. Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Митсубиси Пажеро” кызматтык автоунаасы бүгүн саат 11.00 чамасында Ош шаарына караштуу Курманжан Датка жана Абдыманап Мамыров көчөлөрүнүн кесилишинде кырсыкка кабылды.

            Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен байланышууга мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Анткени, аймак башчысы ушул күндөрдө Кытай мамлекетинде иш сапары менен жүрүптүр.

            Маалыматка караганда, аталган автоунаанын айдоочусу аны унаа оңдоочу жайды карай айдап бараткан экен. Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы бул кырсык туурасында маалыматы жок экендигин айтып гана кутулду.

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17