Аймак

ОШТО ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮП ЖАТАТ

ОШТО ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮП ЖАТАТ

 1,688 Бардыгы /

         ОШ. Ошто улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында Эл аралык “Достук” фестивалы өтүп жатат. Ага коңшу Өзбекстандан дагы коноктор чакырылган.  Саамалык  Кыргыз-Өзбек университетинин 25 жылдык мааракесине арналып уюштурулду. Бул жөнүндө аталган жогорку окуу жайдын ректору Чаткалбай Райымбаев билдирди.

            – “Достук” фестивалына Өзбекстандын Анжиян, Фергана жана Наманган мамлекеттик университеттеринен окутуучулар жана студенттер дагы келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө спорттук, ошондой эле маданий иш-чаралар катарынан өтөт. Биз көптөгөн өлклөрдүн  жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып келебиз. Булардын арасынан өзгөчө коңшу Өзбекстан менен ийиндеше иштешебиз. Ошол себептүү 25 жылдык мааракебизди белгилеп, туруктуу өнөктөштөрүбүздү дагы чакырдык. Максатыбыз – достук мамилени мындан дагы бекемдөө! – дейт Кыргыз-Өзбек университетинин ректору Чаткалбай Райымбаев.

         Айтмакчы, Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университети 1994-жылы түптөлүп, ушул тапта мында 8 миңден ашуун студент билим алып жатышат.

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17