Аймак

ТРАМП ЖАҢЫ ИММИГРАЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫН ПЛАНЫН ЖАРЫЯЛАДЫ

ТРАМП ЖАҢЫ ИММИГРАЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫН ПЛАНЫН ЖАРЫЯЛАДЫ

 1,373 Бардыгы /

АКШ президенти Дональд Трамп 16-майда жаңы иммиграциялык саясаттын планын жарыялады. Ага ылайык, мурдагыдай туугандык байланыштарга эмес, жогорку квалификациялуу адистерге артыкчылыктар берилет.

Учурда иммигранттардын 66% үй-бүлөлүк байланыштарынын, калган 12% гана адистигинин негизинде мыйзамдуу түрдө келишкен. Трамптын көз карашы боюнча кесипкөй адистердин иммиграциялык квотасы беш эсеге чейин көбөйүүгө тийиш.​

Жаңы система талапкерлерди балл берүү менен баалайт. Жаш курагы, билими, англис тилин билүү деңгээлине карата артыкчылыктар берилет. Буга окшогон иммиграциялык система Австралия, Канада жана Жаңы Зелендияда бар.

АКШда 2018-жылы легалдуу мигранттардын айлык акысы жылына болжол менен 43 миң долларды түзгөн. Трамптын планы боюнча өлкөгө келген билимдүү жана кесипкөй чет өлкөлүктөрдүн орточо кирешеси дээрлик үч эсеге көп болуп, 126 миң долларды түзүшү керек.

Трамптын планында 1991-жылдан бери ойнотулуп келе жаткан Грин-картаны жоюу да каралган. Бул системанын негизинде жылына 50 миң кишиге иммиграциялык виза берилип келет. Лотереянын ордуна кайсы бир тармакта таланты менен айырмаланган кишилерге артыкчылыктарды берүү боюнча жаңы программа түзүлөт.

Планды иш жүзүнө ашыруу үчүн Акүй документти Конгрессте коргошу керек. Демократиялык партиянын лидерлери Трамптын планын ал жарыяланганга чейин эле четке кагышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17