Аймак

РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНТКАН «ЖАШ ИНСПЕКТОРЛОР» СЫЙЛАНЫШТЫ

РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНТКАН «ЖАШ ИНСПЕКТОРЛОР» СЫЙЛАНЫШТЫ

 2,328 Бардыгы /

Бүгүн, 20-майда Жалал-Абад ОИИБ тарабынан «Жол кыймылынын жаш инспектолору» сынагында ийгиликке жетишкен окуучулар, мектеп мугалимдери, даярдык иштерине кѳмѳк кѳрсѳткѳн милиция кызматкерлери сыйланышты.

Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов кийинки баскычта Орусияда ѳтѳ турган кароо-сынакка мыкты даярдык кѳрүүгѳ чакырып, акчалай колдоо кѳрсѳтүлѳѳрүн белгиледи. З.Бакиров атындагы орто мектебинин директору Замира Маматалиева сѳз сүйлѳп Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилигине жана даярдык иштерине жардам кѳрсѳткѳн Жалал-Абад ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмүнүн үгүт насаат иштери боюнча тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Айбек Сатыбалдиевге ыраазычылыгын билдирди.

18-май күнү «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» аталышындагы кароо-сынактын финалдык бѳлүгү Бишкек шаарындагы Республикалык “Сейтек ” балдар борборунда болуп ѳттү.

Финалга Кыргызстандын бардык региондорунан мыкты болуп келген алдыңкы командалар катышты. 7 область, 2 шаардан жалпы 9 команда күч сынашты. Сынактын жыйынтыгында Жалал-Абад областынан барган Сузак районуна караштуу З.Бакиров атындагы орто мектебинин «Жаш инспектор» командасы мыктылыгын кѳргѳзүп, биринчиликти багындырды. Мектеп окуучуларын Республикалык сынакка даярдык иштерине Жалал-Абад ОИИБнин ЖКККБнин кызматкерлери жакындан жардам берди.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17