Аймак

ИСА АХУНБАЕВДИН КЫЯЛДАРЫ ИШКЕ АШУУДА

ИСА АХУНБАЕВДИН КЫЯЛДАРЫ ИШКЕ АШУУДА

 2,894 Бардыгы /

Кыргызстанда жүрөккө операция жасалгандыгынын 60 жылдыгы

 

 

Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Түштүк аймактык илимий борборунун директору, медициналык илимдин доктору, эмгек сиңирген врач, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы кардиохирургу, профессор Калдарбек Абдрамановдун иш бөлмөсүнө кире бериш жерде башка жанрларга окшобогон, кадимки эле мык жана кыл менен жасалган Иса Ахунбаевдин портрети турат.

-Калдарбек Алишерович, кире бериште Иса Коноевичтин портрети турат. Бош убактыңызда искусствонун ушул түрү менен да алек болосузбу?

-Жок. Бул портретти Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери тартышыптыр. Жакында, тактап айтканда 19-майда Кыргызстанда жүрөккө операция жасалгандыгынын 60 жылдыгы болот. Ага арналган илимий-практикалык конференция өтөт, Россиядан, Англиядан, Индиядан, Тажикстандан, Өзбекстандан, Казакстандан белгилүү кардиохирургдар  чакырылды. Ошол майрамга студенттердин жасаган белеги.

Жүрөк хирургиясынын тарыхына жана өнүгүшүнө токтолуп кетпейсизби?

-Кыргыздын чыгаан уулу Иса Коноевич Ахунбаев Орто Азия жана Казакстанда биринчи жолу жүрөккө операцияны 1959-жылы 19-майда жасаган. 1959-жылдан 1975-жылга чейин Иса Коноевич Кыргызстандын билимдүү жана таланттуу жаштарын Москвага өзү менен кошо алып барып, СССРдин медициналык илимдер академиясынын А. Н. Бакулев атындагы жүрөк-кан тамырлар хирургиясы институтунда билимдерин жогорулаткан. Жүрөк хирургиясын Кыргызстанда өзүнчө тармак кылып алып чыккан. Ошол кездеги республикалык ооруканада (азыркы улуттук госпитал) жүрөк хирургия бөлүмүн ачам деп жатканда, 1975-жылы 8-январда автокырсыктан кайтыш болуп, кыялы ишке ашпай калды. Иса Коноевичтин эл арасында аброюнун аябай бийик экендигин, ошол аза күтүү күндөрүнө катышкан Тажикстандык окумуштуу, академик Пулатов, “мен ушунча жашка келип, мындай аза күтүү, адамды акыркы сапарга узатуу зыйнатын көргөн эмесмин. Мединституттан драма театрына чейинки көчөлөргө адамдар толуп кеткен. Бул деген Иса Ахунбаевдин элдин терең урмат-сыйына татыган, эл сүйгөн инсан экенин өз көзүм менен көрдүм”,-деп эскерген.

Москвадан окууларды бүтүп келишкен жаш окумуштуулар устатынын иштерин улантышып, 1976-жылы СССРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Кыргыз ССРинин республикалык ооруканасында 45 орундуу жүрөк хирургиясы ачылсын деген буйругу чыккан.  Бөлүм башчылыкка ошол кездеги медициналык илимдин кандидаты,  С. Д. Жошибаев дайындалган. Жүрөк хирургиясынын биринчи этабы 1959-1975-жылдарды камтып, жүрөк боюнча хирург адистерди даярдоо жана атайын жүрөк хирургиясы бөлүмү ачылган.

-Экинчи доор качан башталган?

-Экинчи доор 1976-жылдан башталып, 1984-жылга чейин уланды. Ушул сегиз жылдын ичинде көптөгөн жүрөктөргө операциялар жасалды. Жүрөк хирургия бөлүмү иштей баштады. Врачтарыбыздын тажрыйбалары өсүп, эл аралык илимий чөйрөлөрдө өз жолубузду таба баштадык. Ал эми үчүнчү этап 1984-жылдан башталат. Академик М. Миррахимов кардиология тармагын башкарып турган убакта Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Т. Усубалиевди ынандырып, беш кабаттуу имарат салдырууга жетишет. 1984-жылы С.Д. Жошибаевдин жүрөк хирургия бөлүмү ушул имаратка көчүп кирет. Бул ошол кездеги чоң секирик болчу. Ал 1984-2005-жылдарды камтыган жүрөк хирургиясы үчүн өнүгүү доор болгон.1984-85-жылдары ушул бөлүмгө бир топ жаштар келдик. М.и.к. А.Н.Маралов деген киши бөлүмдүн башчысы болчу. Ал ар бирибизге “сен жүрөктүн кемтиги, сен жүрөк кан-тамырлары, дагы ушул сыяктуу бир нече тармактар боюнча” тапшырмаларды берди. Академик М. Миррахимов менен бөлүм башчы А. Н. Маралов ошол жаштарды тандап алган адистиктери боюнча Москвага А. Н. Бакулев атындагы жүрөк-кан тамырлар хирургиясы институтуна билимдерибизди жогорулатууга жөнөттү.

1995-жылдан баштап Москвада окуп, илимий даражаларыбызды жактаган 19 илимдин докторунан бешөөбүз С. К Чыналиев, М.Х.Дадабаев, мен (К.А. Абдраманов), Кубанычбек Апаз (Доктор Апаз),  Венера деген кызыбыз Кыргызстанга келдик.  Алматыга иштегени кеткен агайыбыз С.Д. Жошибаев да келип калды. Ошентип бир бөлүмдө медицина илимдеринин 6 доктору иштеп, күчтүү команда түзүлүп калды. Биздин бөлүм академик М. Миррахимовдун кардиология институтунун жетекчилигинин алдында иштечү.

Жүрөк хирургия институту деп, өзүбүзчө бөлүнүп алалы деген идеяны бирге иштеген кесиптештериме сунуш кылдым. Себеби Москвада окуп жүргөндө кардиология, Е.И. Чазов өзүнчө, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, В.И. Бураковский өзүнчө болуп бөлүнүшөр эле. Ар кимиси өз алдынча болгусу келчү.

2000-жылдары бөлүмдө ондон ашык врачтар катышкан административдик кеңешмеде: “Урматтуу эки аксакал агайлар, коллегалар! Иса Коноевичтин өз алдынча жүрөк хирургия институту болуу керек деген тилегин турмушка ашыра турган учур келди. Хирург окумуштуулардан алтообуз отурабыз. Жүрөк хирургия институтун түзүп, биз Миррахимовдон бөлүнүшүбүз керек”,-дедим. Менин сунушумду С.Д. Жошибаевден башкасынын баары колдошту.  Анын себеби кийин билинди. Бул кабар М. Миррахимовго жетсе, бардыгыбыз ал кишиден “ала турган энчилерибизди” алышыбыз мүмкүн экен да. С.Д.Жошибаев 2004-жылы мени чакырып, “бүгүн кечинде сенин айткан идеяң турмушка ашканы турат. Эки күн мурда Аскар Акаевич менен жолуктум, сенин идеяң тууралуу айттым. Президент макул болду. Аксакалды таарынтпай, ошонун эле кол астында болгула. Бүгүн кудай кааласа указ чыгып калат”- деди. Ошол күнү кечинде радиодон, теледен жүрөк хирургия институту кардиология тармагынын алдында өзүнчө институт болгону тууралуу Президенттин Указы чыкканын С.Д.Жошибаев  экөөбүз бирге отуруп уктук. Экөөбүздүн көздөрүбүздөн жаш чыгып кетти. И. Ахунбаевдин өткөн кылымдын 70-жылдарында алдына максат кылып койгон кыялдары турмушка ашканына жашып кеттик. С.Д.Жошибаев аткаруучу директор болуп дайындалды. Ага “шайлоону тезирээк өткөрүңүз десек, шашпай жүрүп алды. Бир жылдан кийин директордук орунга шайлоо өткөрүү пландаштырылып, М. Миррахимов С.Д.Жошибаевге шайлоого жаштарды да сөзсүз катыштыргыла деп сунуш кылды.

Шайлоодо менин талапкердигимди да көрсөтүп калышты, агайыма караганда көбүрөөк добуш алып, институттун директору болуп 2005-жылдан 2011-жылга чейин иштедим. Биринчи директор болуп институтту бутуна тургузуу, замандын талаптарына жооп берген шарттарды түзүү менин пешенеме туш келгенине сыймыктанам.

-Ар кандай адам кандайдыр бир “ээрге” отургандан кийин оңойлук менен “ээрден” түшкүсү келбейт эмеспи. Сиз институттун директордук кызматынан өз каалооңуз менен кеттиңизби же?….

-2010-жылы революция болду да. Револяцияга жамынып алышып, кээ бир бирге иштешкен кесиптештерим иштериме тоскоол болуп, улам кодулай беришкенинен 2012-жылы өз арызымды жазып, жумуштан бошоп кеттим. 2010-жылы жүрөк хирургиясын өнүктүрүү боюнча атайын программа жазып, жүрөк-кан тамыр хирургиясын бир гана борбордо ачпастан областтык борборлордо, карапайым калкка жакын жерлерде ачууну иштеп чыккан элем. Ошол программамды ишке ашыруу үчүн бул институттун филиалын 2010-жылы Жалал-Абадда ачып, Ильхам Бебесовду директор кылып дайындадым. 2012-жылы өз каалоом менен жумуштан кеткенден кийин Жалал-Абаддагы филиалда өзүм сүйгөн адистигим боюнча ишимди улантып келе жатам.

-Лео Бокерия менен кантип иштешип калдыңыз? Аны менен байланышып турасызбы?

-1987-жылдан 1997-жылга чейин Лео Бокериянын кол астында билимимди жогорулатып, илимдик даражамды коргоп, доктордук наамды алдым. Жүрөккө операцияны жасоону Бокериядан үйрөндүм. Лео Бокериянын Кыргызстандын жүрөк хирургиясы тармагында кадрларды даярдоодо алгылыктуу жакшы иштерди жасагандыгын төмөнкү цифралар өздөрү эле айтып турбайбы. 1984-2005-жылдардын аралыгында А. Н. Бакулев атындагы жүрөк-кан тамырлар хирургиясы институтунда 19 медициналык илимдердин докторлорун, 30 медицина илимдеринин кандидаттарын даярдап чыгарды.

Өзүмдүн устатым болсо, албетте байланышта болуп турам. 2008-жылы Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгын өткөрүп, Лео Антоновичти чакырдык. Мына ушул даталуу салтанатта ошол кездеги президент К.С. Бакиев анын Кыргызстандын медицинасына кошкон салымы үчүн “Даңк” ордени менен сыйлады. К.С Бакиев менен жолугушуу учурунда Бокерия Кыргызстандын медицинасына чоң салым кошкон И. Ахунбаевдин ысымы эки-үч кичинекей мекемелерге гана коюлгандыгын, ага эч кандай эстелик же бюст коюлбагандыгын, анын ысымы андан да жогорку жерлерге коюлууга татыктуу экенин, өзү иштеген мединститутка берилсе, билим алып жаткан жаштар үчүн алдыга умтулган стимул боло турганына токтолду.  Мына ушул сүйлөшүүлөрдөн көп убакыт өтпөй Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясына И. Ахунбаевдин ысымы берилди. Ахунбаевдин атын медакадемияга берүү тууралуу сунуштар эл тарабынан 30 жылдан бери жазуу түрүндө өкмөт башчыларына кайрылып, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгынан улам бул маселе жогору көтөрүлбөй, том-том болгон арыздар чаң баскан папкалардын ичинде жата бериптир. Ушул жолугушууда дагы бир маселени Бокерия көтөрүп кетти, бирок кудай жолун ачкан эмеспи революция чыгып кетип, токтоп калды. Ал маселе биздин институттун базасынын улам чоңоюп бара жаткандыгынан жаңы имарат куруу болчу. К.С. Бакиев долбооруңар менен келгиле, керек болсо жардам берейин деген, бирок революция  бул идеянын турмушка ашышын артка жылдырып койду, эми качан жанданары белгисиз.

-Сиз дайыма саламаттыкты сактоонун экс-министри Талант Батыралиевди жылуу сөздөр менен эстейсиз, жакын достордон болосуздарбы?

-Эми коллегабыз да. Жакшыны жакшы, жаманды жаман дешти үйрөнүшүбүз керек. Талант Батыралиев Кыргызстандын медицинасына, анын ичинен кардиохирургияга көп пайда алып келген адамдардан. Жүрөктүн жана кан-тамырларынын ооруларын так аныктоо жана дарылоо үчүн негизги жабдык болгон ангиографикалык система колдонулат. Мына ушул системаны сатып алуу үчүн ошол кезде премьер-министр болуп турган Ж. Сатыбалдиевдин буйругу менен каражат бөлүндү. Мен Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги башкы кардиохирург катары ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри Д. Сагынбаевадан пландаштырылган эки системанын ордуна бөлүнгөн каражатка төрт системаны сатып алууга, аларды бирден бейтаптар көп болгон Ош жана Жалал-Абад областтарына берсе боло тургандыгын сунуш кылдым. Бирок негедир эки гана системага тендер жарыяланды.

Т. Батыралиев Саламаттыкты сактоо министри болуп келгенден кийин кайрадан тендер өткөрүп, төрт системаны сатып алдык. 2018-жылы ушул системанын жардамы менен 450дөн ашык изилдөөлөрдү өткөрүп, миокард инфаркт болгон 100дөн ашык оорулууларга операция жасадык.

Мен анын кыргыз элинин саламаттыгын сактоо үчүн кылган негизги үч эмгегин айтып кетейин.  Биринчиси, 2008-жылы өзүнүн акчасына баасы 350 000 АКШ доллары болгон Филиппс 5000 ангиографикалык системаны алып келип койдуруп берди. Экинчиси, 2011-жылы Кардиохирургия институтунун Жалал-Абаддагы филиалына жүрөк токтоп турганда жасалма жол менен канды айландырып туруучу аппаратты өзүнүн жанынан 17 миң долларга сатып алып белек кылды. Мейли бул жабдыктар пайдаланылган болсун, бирок өмүрлөрдү сактап калганга жарап жатпайбы. Үчүнчүсү, биздеги 50дөн ашык жаш кардиологдорду жана кардиохирургдарды  Түркияда билимдерин жогорулатып, окутуп келүүгө жардам берди.

Сиз дайыма саламаттыкты сактоо тармагында  реформа жүргүзүү керек деп айтып каласыз. Эгерде сизге мүмкүнчүлүк берилип калса реформаны эмнеден баштар элеңиз?

-Мамлекет бюджеттен элдин саламаттыгын сактоого жылына 14 млрд. сом бөлөт. Бул сандын жарымы гана оорулууларды дарылаганга, ал эми кийинки жарымы медицинадагы чарбалык иштерди жүргүзүүгө кетет. Мен реформаны ушул бюджеттен бөлүнгөн 14 млрд. сомду оорулууларды дарылоо үчүн жумшамакмын. Ал эми чарбалык иштер үчүн медицинада өзүн-өзү каржылоо системасын киргизүү керек. Азыр бейтаптардын 30%га жакыны жеке менчик клиникаларда дарыланып жатышат. Эмне үчүн жеке менчик клиникалар киргизген каржылык системаны мамлекеттик системага колдонсо болбойт?! Мамлекет биздин колубузду байлап койгон, берген 14 млрд. сомдон чыкпайсың деп. Берген акчасынын 40%ы медиктердин айлык акыларына, 50%ы дары-дармекке, 10%ы ооруканалардын коммуналдык чыгымдарын төлөө үчүн кетет.

Менин реформа тууралуу оюмду угуп отурган саламаттыкты сактоо министри ушул реформаны сиздин мекемеде пилоттук негизде өткөрсөк кандай болот дейт. Мен эң сонун болот дедим. Мамлекет өзүн камсыздаган мекемелердин чарбалык эсепке өтүүсүн мыйзамдаштырып берүүсү керек.

-Жүрөккө жалпы канча  операция жасадыңыз?

– 6128 деп жүрөт жазган барагымда, 15-20 санга айрыма берип калышы мүмкүн.

-Маегиңиз үчүн ырахмат, иштериңизде ийгиликтер жарала берсин.

 

Нурмамат ажы Сапарбаев, “Аймак”

Сүрөттөру автордуку

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17