Аймак

ЧЕК АРА КЫЗМАТЫ: КАЗАКСТАН БЕШ-АЛТЫ МАШИНЕНИ БИР СААТТАН ТЕКШЕРИП ЖАТАТ

ЧЕК АРА КЫЗМАТЫ: КАЗАКСТАН БЕШ-АЛТЫ МАШИНЕНИ БИР СААТТАН ТЕКШЕРИП ЖАТАТ

 1,579 Бардыгы /

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу машинелердин кезеги жоюлду. Учурда үч-төрт жүк ташуучу автоунаа турганын Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Маалыматка караганда, казак тарап беш-алты машинени бир сааттан текшерип жатат.

Кыргызстандык чек арачылар тыюу салынган баңгизаттарды, курал-жарак жана ок-дарыларды, жарылуучу каражаттардын бар-жогун гана текшерүүдө.

19-майда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда 50дөн ашык жүк ташуучу автоунаа топтолуп калган. Кыргызстандын Чек ара кызматы муну казак тарап көзөмөлдүн бир канча түрүн аткарып жатканы менен түшүндүргөн. Интернетте “Ак-Тилекте” кезектен улам айдоочулар менен чек арачылар ортосунда пикир келишпестик пайда болгону тууралуу видео тараган.

Окуя Казакстандын аймагында болгону айтылган. Кыргыз-казак чек арасында автоунаалардын узак убакытка созулган кезек күтүүсү былтыркы жылдан бери орун алып келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17