Аймак

ПРЕЗИДЕНТ КАТАРЫ АНТ БЕРГЕН ЗЕЛЕНСКИЙ ӨЛКӨ ПАРЛАМЕНТИН ТАРКАТА ТУРГАНЫН БИЛДИРДИ

ПРЕЗИДЕНТ КАТАРЫ АНТ БЕРГЕН ЗЕЛЕНСКИЙ ӨЛКӨ ПАРЛАМЕНТИН ТАРКАТА ТУРГАНЫН БИЛДИРДИ

 1,268 Бардыгы /

Владимир Зеленский бүгүн Жогорку Раданын салтанаттуу жыйынында Украинанын президенти катары ант берди. Андан соң Мариинск паркына барып, Украинанын куралдуу күчтөрүн кабыл алуу жана мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатына катышты.

Салтанаттуу иш-чарага Латвия, Литва, Эстония, Грузия жана Венгриянын президенттери катышты. АКШнын делегациясын өлкөнүн энергетика министри Рик Перри баштап келди. Зеленскийдин инаугурациясына Виктор Януковичтен башка өлкөнүн бардык мурдагы президенттери чакырылган. Орусиянын өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүлгөн эмес.

Рададагы сөзүндө Зеленский Украина парламентинин азыркы курамын тарката турганын билдирди.

Күн мурун Украинанын буга чейинки президенти Пётр Порошенко Владимир Зеленскийди Орусия менен «саясий оюндарга» барбоого чакырган.

41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петр Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73,22 пайызын, атаандашы 24,45 пайызын алган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17